Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте алдамчылыкка шектелип 32 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 44 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал Умар аттуу адам ишеничине кирүү менен баасы 45 миң сомдон ашкан курулуш материалдарын алып, из жашырып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 32 жаштагы Рыскул кармалган. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан