Чүй районунда 41 жаштагы жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Токмок шаарында 41 жаштагы жергиликтүү тургундун үйү текшерүүгө алынган. Анын негизинде 1 килограмм 215 грамм салмагындагы баңгизат алынган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.