Ош-Бишкек унаа жолунда укук коргоо кызматкери 26 килограмм 440 грамм баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда КРнын Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-декабрда саат 15:15 чамасында Бажы кызматынын кызматкерлери Чүй ОИИББинин Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Ош-Бишкек унаа жолунун 198-чакырымында Бишкекке жөнөп жаткан Ниссан Прессаж үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Унаанын ичинен 26 килограмм 440 грамм героин табылган. Бул баңгизат КРнын Укук коргоо түзүмдөрүнүн биринин кызматкерине таандык экени аныкталган.
Бул факты боюнча Бажы кызматынын тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголгон.