Улуттук китепканага Кытай элчилиги “Си Цзинпинь мамлекеттик башкаруу тууралуу” аттуу китептерди тапшырды

Кытай элчилиги Бишкектеги Улуттук китепканага “Си Цзинпинь мамлекеттик башкаруу тууралуу” аттуу орус жана англис тилдериндеги китептерди тапшырды. Бул тууралуу аталган китепканадан бүгүн, 15-декабрда билдиришти. 

Маалым болгондой, китеп Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин басма канцеляриясы жана Кытайдын Чет элдик адабияттарды жайылтуу борбору тарабынан даярдалган.

Анда 2012-жылдын 15-ноябрынан 2014-жылдын 13-июнуна чейинки маектер, лекциялар, интервьюлар, куттуктоо каттары камтылган. Китеп 18 тематикалык бөлүктөн турат. Ар бир материал хронология тартибинде берилген. Окурмандарга ыңгайлуу болуш үчүн китептин аягында Кытайдын тарыхы жана маданияты тууралуу эскертүүлөр камтылган. Ошондой эле Си Цзиньпин тарткан 45 фото да тиркелген. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан