1-февраль күнү Ош шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген Д.Т. аттуу жаранга Ош шаардык прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Аталган судья "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, Д.Т. жалпы пайдалануудагы жерлерди жеке менчикке берүү иштерине байланыштуу чечим чыгарган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.