Жалал-Абад облусундагы "Жылуулук камсыздоо" райондор аралык өндүрүш бирикмесинин кызматкерлери боюнча тергөө аяктап, кылмыш иши сотко жөнөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөөнүн жыйынтыгында кылмышка шектүүлөр жалган каржы-бухгалтердик документтерди түзүп, 1 583 059 сомду өзүмдүк кылып алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө бул көлөмдөгү сумма толугу менен кайтарылган. Учурда кылмыш иши соттук кароодо.