Ошто зордуктоо фактысына шектүү катары эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 15-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1982-жылы туулган жана Өзгөн районунун 1987-жылы туулган тургуну кармалган. Алар "14-декабрь түнү күч колдонуп, жаш кызды зордуктаган" деп айыпталышууда. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.