АКШ Кыргызстандагы ооруканаларга 17 миллион долларлык гуманитардык жардам берет

6-февраль күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинде АКШ Мамлекеттик департаментинин «Үмүт операциясы» программасынын алкагында америкалык «Прожект Хоуп» уюму Кыргызстандын ооруканалары үчүн 17 миллион долларлык гуманитардык жардам тапшырат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди. Берилген жардам негизинен медициналык каражаттардан турат. Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, КРнын Саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева жана медицина мекемелеринин өкүлдөрү катышат. Бул дары-дармектер Бишкек шаарынын, Чүй, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын 11 медициналык мекемелери арасында бөлүштүрүлөт. Аталган гуманитардык жардамдын негизинде 19 миң жүрөк-кан тамыр, гипертониялык жана кант диабети менен ооруган адамдар сапаттуу дары-дармектер менен дарылана алышат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан