Бишкекте уурулукка шектүү катары 45 жаштагы жаран кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү катары 45 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 59 жаштагы К.Альберт аттуу жаран кайрылган. Анда ал белгисиз жаран үйүнүн жанынан 350 долларлык велосипедин уурдап кеткенин айткан. Андан сырткары милицияга велосипеддерин уурдаткан бир нече жаран кайрылган.   

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 45 жаштагы П.Абдыманат аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан