Жылнаама, 16-декабрь: Мындан 3 жыл мурун ЖКнын төрагасы катары Асылбек Жээнбеков, өкмөт башчы иретинде Өмүрбек Бабанов жана вице-премьер-министр болуп Жоомарт Оторбаев шайланган

* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясы төрага катары КСДП фракциясынын депутаты Асылбек Жээнбековду, өкмөт башчы иретинде Өмүрбек Бабановду шайлашкан. Ал эми вице-премьер-министрлик “Ата Мекен” партиясынын өкүлү Жоомарт Оторбаевге буюрган.
 
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы “Белый пароход” интернет-басылмасынын журналисти Геннадий Павлюктун Казакстандагы ооруканалардын бирине өтө оор абалда жеткирилгендиги тууралуу маалымат тараган. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп, эсине келбей жарык дүйнө менен кош айтышкан. Ибрагим Рустамбек аттуу псевдоними менен белгилүү Геннадий Павлюк “Аргументы и факты – Кыргызстан”, “КП в Кыргызстане” гезиттеринде башкы редактор болуп иштеп, “Белый пароход” интернет-басылмасын чыгарып келген.
* Мындан 5 жыл мурун, 2009-жылы орусиялык спортчу жана шоумен Владимир Турчинский Москва облусунун Пашуково айылындагы үйүндө 15инен 16-декабрга караган түнү күтүүсүздөн курч кармаган жүрөк оорусунан каза болгон. Владимир Евгеньевич Турчинский 1963-жылы 28-сентябрда Москвада СССРдин КГБсынын Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгынын офицеринин үйүндө туулуп-өскөн. Володя күрөш менен 4-класстан баштап машыга баштаган. Арадан бир жыл өткөн соң жаш балбан Москванын биринчилигинде күмүш медаль тагынган. Күрөштөн тышкары самбо менен да алектенип, 16 жашында спорттун чеберинин нормативин толтурган. Мектепти аяктаганда программисттик кесипти тандап, МИИГАга (Московский институт инженеров гражданской авиации) тапшырган. Бул арада Советтик Армиянын катарында аскердик милдетин аткарып, десанттык бөлүктөрдө кызмат өтөгөн. Андан соң Владимир Турчинский түрдүү жылдары басылмада сүрөтчү, спорттук журналист (көбүнчө спорттук макалаларды англис тилинен орус тилине которуп жазчу), Черкизов эт комбинатында кароолчу, жеке фирмаларда коопсуздук кызматкери, орто мектепте башталгыч класстарда мугалим болуп иштеген. Кийин ал орусиялык ырчы Дмитрий Маликовдун жеке жан сакчысы болгон. Спорт жагынан алып карасак, дзюдо боюнча спорт чебери, күрөштүн 2 түрү боюнча (эркин жана классикалык) да спорттун чеберине талапкер болгон. Ал гана эмес, америкалык футбол боюнча “Москва аюулары” командасынын курамында СССРдин чемпиону да болууга жетишкен. Ошентип, күчүн ар тармакта сынап көргөн Владимир сыналгыдан биринчи жолу 1990-жылдардын башында “Гладиаторлордун мушташы” телеберүүсүндө чыккан. Мындан кийин орусиялык белгилүү телеканалдардан алып баруучулук боюнча сунуштар түшө баштаган. Спортчунун өзү эми шоуменге да айланган. Андан сырткары Владимир Турчинский актёр катары да өзүн сынап, "Кобра. Антитеррор" (2001, полковник Кошкиндин образын жараткан), "Орусча спецназ" (2002, майор Озолин), "Мекен күтүүдө" (2003, Иван Ковчугин), "Грозовые ворота" (2006, атайын агент), "Аял эмнени каалайт?" (2006, боксчу күйөө), "Эң мыкты тасма" (2008, курал сатуучу), "Аскерлер. Жаңы чакыруу" (2008, прапорщик Боровой), "Атасынын кыздары" (2009, бодибилдер Федя) тасмаларында роль жараткан.
* Мындан 1 жыл мурун, 2013-жылы Түштүк Суданда болгон кагылышууда болжол менен 400-500 киши каза болуп, 20 миңдей киши шаар сыртына качып чыгып, БУУнун көзөмөлүндөгү аймакта баш калкалоого аргасыз болгон. 
16-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан