Бишкек-Баетов унаа жолунун 12-чакырымында (Ак-Кыя ашуусу) катуу сууктан улам соляркасы тоңуп калган жүргүнчүлөрдү ташуучу автобуска куткаруучулар тарабынан жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда куткаруучулар билдиришти.
Маалыматка караганда, чакыруу бүгүн эртең менен саат 05:20 чамасында келип түшкөн. Окуя болгон жерге куткаруучулар барышып, жардам көрсөтүшүүдө. Автобуста 50 жүргүнчү болгон.