Өмүрбек Абдрахманов: “Орусиянын Биринчи каналына төлөгөн 50 миллион сомду курулуш иштерине жумшайлы”

"Кыргызстандын аймагында көрсөткөндүгү үчүн Орусиянын Биринчи каналына төлөгөн 50 миллион сомду курулушка жумшайлы". Мындай пикирди бүгүн, 4-февралда ЖКнын Бюджет жана финансы комитетинде депутат Өмүрбек Абдрахманов билдирди. Анын айтымында, Орусиянын Биринчи каналы мамлекеттик канал эмес, ага Кыргызстан 50 миллион сом төлөйт. Депутат бул каражатты өлкөдөгү капиталдык курулуштарга бөлүүнү сунуштады. Бул ойду кубаттаган комитет жетекчиси Ахматбек Келдибеков алыскы айылдарда да спутниктик антенналар аркылуу жүздөгөн каналдарды акысыз көрүүгө болорун айтты. “Чындыгында, бул каражатты мектеп курууга жумшасак болот”, - деп белгиледи Келдибеков. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан