Бишкекте Кыргызстандын Театр ишмерлер союзу сүрөтчү-гримёрлорду окутуп чыгырышты

15-декабрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында аталган театрдын башкы сүрөтчү-гримёру Гүлнара Суранчиеванын жетекчилиги алдында грим боюнча окугандар биринчи бүтүрүү сынагын тапшырышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Кыргызстандын Театр ишмерлер союзунан билдиришти. 

Маалым болгондой, үстүбүздөгү жылдын февраль айында Театр ишмерлер союзу грим, драматургия, сценографика жана сценарист багыты боюнча чыгармачыл устакана уюштурган. Аталган устаканада 10 ай окугандар заманбап сахна маданияты чеберлеринен сабак алышкан. 

Окуунун жыйынтыгын баалоо үчүн дасыккан театр чеберлеринен комиссия түзүлгөн. Алар Ж.Кулмамбетова, Т.Саманбеков, КРнын Эл артисттери С.Далбаев, Ж.Сейдакматова, Н.Мамбетова, Кыргыз Эл сүрөтчүсү 

М.Шарафидинов, режиссёр Н.Абдыкадыров жана башкалар. Комиссия окуунун жыйынтыгын баалап, 8 бүтүрүүчүгө сүрөтчү-гримёр квалификациясын тапшырды. Экзаменге КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри А.Максүтов катышты. Ошондой эле учурда устаканадан билим алгандар республиканын ар кайсы театрларында режиссура багыты боюнча дипломдук спектаклдерге даярдык көрүп башташканын кошумчалашты.            

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
diiazbek
2014-12-17 10:46:56
астафирло коркунучтуго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан