Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы суткада өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы болуп, аларды өчүрүүгө 13 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 16-декабрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Баткен облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Борбордогу Алтын-Ордо жаңы конушунда Мерседес үлгүсүндөгү жүргүнчүлөрдү ташуучу унаанын мотор отсеги жана ички салону күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо техникалык эреженин бузулушу себеп болгон. Ошондой эле Кадамжай районуна караштуу Жаш-Тилек айылындагы үйлөрдүн биринен өрт кырсыгы катталды. Анын кесепетинен шифер жабылган турак үйдүн 36 чарчы метр чатыры, 36 чарчы метр жыгач полу, 36 чарчы метр фанерадан шыбы, 2 терезе, 2 сандык, төшөнчүлөр, эшик, палас, килем жана үй ээлеринин документтери күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушу себеп болгон.