Жантөрө Сатыбалдиев: “Ар бир министр аз сүйлөп, көп иштеши керек”

"Министрлердин ар бири аз сүйлөп, көп иштеши керек". Бул сөздү бүгүн, 4-февралда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен Баткен облусунун чек ара боюнда жайгашкан айылдардын маселеси боюнча тапшырмалардын аткарылышын талкуулаган жыйында айтты. Ошондой эле өкмөт башчы Энергетика жана өнөр жай, Транспорт жана коммуникация  министрин, Курулуш жана аймактык өнүктүрүү боюнча агенттиктин директорун бекитилген иш-чара планын аткаруудагы чабал иш жүргүзгөндүктөрүн сынга алды. “Пландаштырылган мекеменин баарын мөөнөтүнөн эрте бүтүрүү зарыл. Чек ара боюнда жашаган биздин жарандардын эртеңки күнгө болгон ишенимин арттырышыбыз керек. Курулай сөз берүү менен элдин бийлик органдарына болгон ишенимин кайтара албайбыз",- деди Сатыбалдиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан