Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылында адам өлтүрүүгө шектүү катары 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Талас ОИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 16-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, 14-декабрь күнү аталган айылдагы эски гараждагы чуңкурдан белгисиз адамдын жансыз денеси табылган. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, маркумдун аты-жөнүн такташып, киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Ж.Э., 1992-жылы туулган Т.Т., 1992-жылы туулган Н.Ф. аттуу жарандар кармалган. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.