Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук", "Кең-Сай", "Маданият" өткөрүү пункттары ачылды

Бүгүн, 4-февралда кыргыз-өзбек чек арасындагы "Достук", "Кең-Сай", "Маданият" өткөрүү пункттары ачылды. Мамлекеттик чек ара кызматы билдиргендей, "Достук" өткөрүү пунктунан эки өлкөнүн жарандары, унаа, жүк жана мал-жандыктары менен тоскоолдуксуз кирип-чыгууда. Ал эми "Кең-Сай", "Маданият" өткөрүү пункттарынын кыргыз жарандары Өзбекстандан чакыруу алса жана өтүү учурунда үй-бүлөсү тууралуу күбөлүгү бар болсо гана Өзбекстандын аймагына өтө алышат. "Мындай чектөө бир гана кыргыз жарандарына гана киргизилген, ал эми башка улуттун өкүлдөрү "Кең-Сай", "Маданият" чек ара бекеттеринен эч кандай чакыруусу жок эле өтүп жатат",- дейт Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан