Нарын. Нарын шаарындагы эс алуучу сейил бактардын аянты 46 гектарды түзөт

Нарын шаардык Жашылдандыруу мекемесинин карамагында 7 эс алуу паркы, 3 сквер жана 1 өсүмдүк көчөттөрүн өстүрүүчү жай бар. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти. Булардын жалпы аянты 46 гектарды түзөт. 2012- жылы “Алма-Бак” жана "Акималиев" сейил бактарында жол боюндагы өскөн дарактарга санитардык тазалоо жүргүзүлүп, туура эмес өскөн бутактары, куурагандары кыркылып алынды. 

Мындан сырткары «Алма-Бак» сейил багына 20 түп Тянь-Шань карагайы, 200 түп алма, 50 түп кайың, 40 түп мажүрүм талдын көчөттөрү отургузулган. Бул көчөттөр Нарын токой чарбасынан жана "Салкын-Төр" мамлекеттик улуттук жаратылыш сейил багынын көчөт өстүрүүчү жайынан сатылып алынды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан