Бишкекте “Ынтымак кесеси” аттуу республикалык фестиваль өтөт

19-декабрда Бишкектеги Мамлекеттик тарых музейинде элдик чыгармачылыктын “Ынтымак кесеси” республикалык фестивалынын гала-концерти өткөрүлөт. КРнын Кесип бирликтер союзунун федерациясынан билдиришкендей, концерттик программада аталган фестивалдын облустук этаптарында жеңип чыккан номерлери көрсөтүлөт.  

Аталган республикалык фестиваль Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүн бекемдөө жылына арналган. Ал республиканын бардык аймактарында жана Токмок, Талас, Нарын, Жалал-Абад, Чолпон-Ата, Кызыл-Кыя шаарларында уюштурулган. Ага облустун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана өкүлчүлүктүн аппаратынын кызматкерлери катышкан.  

Ырлардын, бийлердин жана искусствонун ар тармактары боюнча өнөрлөрүн көркөм аткаргандарга калыстар тобунун чечими менен акчалай сыйлыктар ыйгарылат.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан