Бишкекте "таанышынын зер буюмдарын алып күрөөканага тапшырып салган" деп шектелген айым кармалды

Бишкекте курбусунун зер буюмдарын сурап алып, аны күрөөканага тапшырып салган айым кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Т.Махабат аттуу шаардын тургуну кайрылган. Анда ал Назгүл аттуу таанышы тойго алтын буюмдарын тагынып барып келейин деп алып, ошол бойдон бербей жатканын айткан. Иликтөө иштеринин натыйжасында жалпы суммасы 140 миң сомго бааланган зер буюмдар күрөөканада экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары Чолпон-Ата шаарынын О.Назгүл аттуу тургуну кармалды. Ага карата КРнын Кылмыш кодексинин 166-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүү №1-СИЗОго жайгаштырылып, бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан