Бишкекте Лексустун айдоочусу эшигин ачканда троллейбуска тийип кеткен

Бишкекте Лексустун айдоочусу эшигин ачканда троллейбуска тийип кеткен. Бул тууралуу окуяга күбө болгон Алтынбек Токтомамбетов интернеттеги өз баракчасында жарыялады.
"Кечээ, 15-декабрда саат 14:00 чамасында №11-троллейбуста Тынчтык кең көчөсү менен түндүк тарапка жөнөп жатканбыз. Мамлекеттик каттоо кызматынын имаратынын алдында токтотулган Лексустун айдоочусу эшигин ачканда троллейбуска тийип кеткен. Унаа экинчи катарда жайгашса да, анын ээси троллейбустун айдоочусун күнөөлөй баштаган. Троллейбустун бечара айдоочусу күбөлөрдөн кол топтоп жүргөн. Эгер ал Лексусту оңдоп берсе, адилетсиз болот",- деп жазат Токтомамбетов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Adambol
2014-12-16 16:28:07
кимде акча болсо ошонун созу туура болугон заман болуп калдыго
+3
Dadin2
2014-12-16 16:33:26
Лексустун айдоочусу кунолуу бирок акчасы коптун созу соз болуп калган мезгил.
+7
nur-patriot
2014-12-16 16:37:33
менин кошунамдын лексусубу ? ?
0
Aysuluuwa
2014-12-16 23:41:06
nur-patriot, кошунаныз ким болуп иштейт????
0
erikkarakulja
2014-12-16 17:00:16
Тралейбус жарымына чейин откон экенго, лексустун айдоочусу мас эмес бекен озундо куно акчасы болсо эле эмне ,
+5
uulay
2014-12-16 17:58:40
Уурусу кучтуу болсо ээсин баса калат дечу беле???
+2
Sopsonun
2014-12-16 21:39:49
Эшик ачылбаганда каптал айнегин урмак экен. 1 метр алыс отуш керек да тралейбус
-3
aszyma
2014-12-17 01:16:40
Бир метр дагы каяка жылып отот. Ал троллейбус. Устундогу 2 лентасы токтон чыгып кетет. Лексус нарагыраак болуш керек эле. Анан лексустун айдоочусу куноолуу.
+3
chalkan
2014-12-17 08:09:40
Запрещенный знак бар, лексус 100% куноолуу. Жолдун четинде таксистер туруп алатда дайыма тыгын. Мага танк берсе жолдун четтерин тазалап бермекмин.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан