Бишкектеги Улуттук китепкананын сейрек кездешүүчү жана өзгөчө баалуу басмалар бөлүмүндө манасчылар Кааба Атабековдун 90 жылдыгына жана Чоюке Өмүр уулунун 150 жылдыгына карата китеп көргөзмөлөрү ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда аталган китепканадан билдиришти. Көргөзмөдө манасчылардын өмүрү жана чыгармачылыгына арналган китептер, гезиттен алынган макалалар орун алды.
КРнын Эл артисти, залкар манасчы Кааба Атабеков Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Төрт-Күл айылында 1924-жылы жарыкка келген. Ал 1940-жылы Фрунзе шаарында өткөн эл чыгармачылыгынын республикалык олимпиадасына катышып, "Манас" айтат. Ошондо Саякбай Каралаев анын "Манас" айтканын угуп, жактырып, батасын берет. К.Атабеков өмүр бою колхоздун ар кандай тармактарында эмгектенип келгени менен, улуу баянды айтуусун эч убакта калтырган эмес.
Ал 2008-жылы 28-мартта дүйнөдөн кайткан.
Чоюке Өмүр уулу 1863-жылы Ысык-Көлдүн Түргөн болуштугуна караштуу Кара-Бөлтөк айылында дүйнөгө келген. Ал Саякбай Каралевдин устаты болгон. Манасчы Шаабай Азизовдун айтуусу боюнча, чоң атасы Чоюке “Манас”, “Семетей”, “Сейтек”, “Эр Сарык”, “Алымсарык”, “Кулансарык”, “Кенен”, “Акаяр”, “Акжол” аттуу бөлүктөрдү айткан.