Жылнаама, 17-декабрь: Мындан 111 жыл мурун алгачкы жолу учак асманга көтөрүлгөн

* Мындан 67 жыл мурун, 1947-жылы КРнын Эл артисти Марат Алышпаев Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Саруу айылында туулган. Москвадагы Мамлекеттик театралдык искусство институтун аяктаган. 1972-жылы эмгек жолун Оштогу Кыргыз драма театрынан баштаган. 1991-1997-жылдары Чүй облустук Шаршен атындагы куудулдар театрын, 2003-жылы Караколдогу Касымалы Жантөшев атындагы музыкалык драма театрын жетектеген. Кинодо 20дан ашуун роль жаратса, театрдагы образдары 100гө чамалайт.
 
* Мындан 111 жыл мурун, 1903-жылы алгачкы жолу учак асманга көтөрүлгөн. Дүйнөдө биринчи жолу жерден абага көтөрүлгөн учактын аты Флайер-1 болгон. Аны америкалык бир туугандар Орвил жана Уилбур Райт жасап чыгышкан. Биринчи жолу көккө көтөрүлгөндө 59 секунддун ичинде 260 метр аралыкка чейин учкан.
* Мындан 39 жыл мурун, 1975-жылы америкалык актриса жана фотомодель Милла Йовович Украинанын Киев шаарында актриса Галина Логинова менен врач Борги Йововичтин үй-бүлөсүндө туулган. Толук аты-жөнү - Милица (Милла) Наташа Йовович. 5 жашында үй-бүлөсү менен Лондонго, андан кийин Калифорнияга көчүп барышкан. Калифорнияда мурунку врач менен актриса жумуш таппай жүрүп, жөнөкөй үй кызматкерине айланышат. Алар үй-бүлөсү менен белгилүү кинорежиссёр Брайн де Пальманын вилласында кызмат өтөшкөн. Ал АКШ­га келгенде Милица эмес, Милла болуп калган. Ата-энесинин режиссёр Брайндын үй кызматкери болушу Милланын шоу-бизнеске келүүсүнө бирден-бир себеп болгон. Анткени режиссёр үйүндө түрдүү кечелерди уюштуруп турчу. Кечеде кызмат кылып жүргөн Милланын сулуулугуна “Prima” моделдик агенттигинин сүрөтчүсү суктанып, бир нече кадр тартып алат. Кийинчерээк ал сүрөттөрдү аталган моделдик агенттиктин менеджери Жефри Даш көрүп калып, кызды тез эле жумушка алууну туура көрөт. Ал кезде Милла 11 жашта гана болгон. Тез аранын ичинде атактуу моделге айланганы Милланын актриса болуусуна шарт түзөт. Миллага тасмага тартылуу боюнча көптөгөн сунуштар түшө баштайт. Ошентип, анын дебюту 13 жашында “Эки айдын кошулушу” деп аталган эротикалык мелодрама болгон. Мындан көп өтпөй ал жарым жылаңачтанып “Көгүлтүр көлгө кайтуу” тасмасына тартылат. Албетте, мындай тасмадагы ролу үчүн чоң суммадагы акча төлөнгөн. Ошентип, Йовович 15 жашында эле таанылып, миллион доллар иштеп тапкан.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Корея Элдик-Деморатиялык Республикасын (Түндүк Корея) 17 жыл бийлеген лидер Ким Чен Ир каза таап, расмий маалыматтарда 69 жаштагы башчы эл үчүн кызмат кылып, кара күч жана акыл-эсине оор келгендиктен дүйнө салганы белгиленген. Бирок ал 2008-жылы эле инсультка кабылып, ошонун кесепетинен поездде жүрөгү токтоп каза тапканы аныкталган. Лидерди жерге берүү иш-чарасы Пхеньян шаарында 28-декабрда өткөн. Ал эми Ким Чен Ирдин атасынан калган башкаруу кызматы үчүнчү уулу Ким Чен Ынга өтүп, ал расмий түрдө “улуу мураскер” деп табылган.
17-декабрда Кыргызстанда жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан