КРда ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды иш менен камсыз кылууга багытталган токтом долбоору иштелип чыгат
Бүгүн, 4-февралда өткөн ЖКнын Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында депутат Дастан Бекешев тарабынан иштелип чыгып, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш орду менен камсыз кылуу абалын жакшыртууга багытталган мыйзам долбоору талкууланды. Бекешевдин айтымында, 2008-жылы кабыл алынган мыйзамда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн квота түрүндө 5 пайыз жумуш орду менен камсыз кылуу талабы киргизилген. Бирок ал мыйзам талаптагыдай иштебей жатат. "Өкмөттүн алдында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды жумуш орду менен камсыздоого көмөктөшө туран фонд түзүү зарыл. Жамааты 20 жумушчу орундан ашкан ишканалар квотадагы ар орун үчүн ар ай сайын 1000 сомдон ошол фондго төгүп турат. Анда топтолгон каражат мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын керектөөсү үчүн жумшалат",- дейт Бекешев. Депутат Ахматбек Келдибеков атайын фонд түзбөй эле, ЖКнын токтому аркылуу өкмөткө, тиешелүү мамлекеттик органдар менен мекемелерге мыйзам чегинде тапшырмаларды берүү сунушун берди. Мыйзам демилгечиси менен комитет мүчөлөрү бул сунушка макул болушту.