Аламүдүн районунда мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу фактысы боюнча шектелген өспүрүмдөр кармалышты

Аламүдүн районунда мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу фактысы боюнча шектелген өспүрүмдөр кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 16-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 61 жаштагы Малиновка айылынын тургуну кайрылган. Анда ал 16-октябрга караган түнү белгисиз жарандар тарабынан “Кыргызстан” санаторийинин айнектерин талкалап кеткенин айткан. Бул ишке катыштыгы бар 13 жана 16 жаштагы эки өспүрүм кармалды. Алардын ата-энелерине карата административдик протоколдор түзүлүп, талкаланган айнектердин чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирилишти. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан