Алмаз Шакулов КРнын Улуттук статистика комитетинин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалды
КРнын Улуттук статистика комитетинин төрагасынын кеңешчиси Анарбек Сатыбалдиев аталган комитеттин коллегиясынын курамынан чыгарылды. Тиешелүү жарлыкка 30-январда президент Алмазбек Атамбаев кол койду. Өлкө башчысынын башка жарлыгына ылайык, Улуттук статистика комитетинин Чүй облустук башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Шакулов аталган комитеттин коллегиясынын мүчөсү болуп дайындалды. Бул жарлыктар Улуттук статистика комитетинин төрагасынын сунуштамасынын негизинде чыгарылды.