Ошто 20 жаштагы баланын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 17-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, жансыз денени Ош шаарындагы куткаруучулар Араван - Ак-Буура каналынан чыгарышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Маркум 1994-жылы туулган Кудайберди уулу Жоомарт аттуу тургун болгон.