Президенттик аппарат: Президенттик сыйлыкка татыктуу спортчулардын тизмесин берүүдөгү орой катачылык үчүн Дене тарбия агенттигинин жетекчилиги жоопко тартылышы керек

Кыргызстандын президентинин аппараты бүгүн, 17-декабрда президенттик сыйлыкты алуудагы спортчулардын тизмесиндеги одоно катачылык боюнча билдирүү жасап, бул үчүн Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги жоопко тартылышы керектигин маалымдады.   
Билдирүүдө булар айтылат: 
"Кыргызстандын президентинин аппараты 2014-жылдын 22-октябрында Кыргызстандын президенти тарабынан эл аралык мелдештердин жеңүүчү-спортчуларын салтанаттуу сыйлоо аземине катышуучу спортчулардын тизмесин толук бербегени үчүн өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилиги жоопкерчиликке тартылууга тийиш деп эсептейт.

Буга чейин Кыргызстандын президентинен тиешелүү акчалай сыйлыктарын албай калган жеңүүчү-спортчуларды Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги сыйлай турганы тууралуу маалымат таркатылган.

Алгач спортчуларды сыйлоо тууралуу Кыргызстандын президентинин буйругу өкмөткө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген тизменин негизинде даярдалган. Ошондо мамлекет башчынын буйругунун долбоорун даярдаган Кыргызстандын президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмү тарабынан аталган мамлекеттик агенттикке тизмеге толуктоо киргизүү үчүн жетиштүү убакыт берилген. Кыргызстандын президенти сыйлай турган спортчулардын тизмесине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги тарабынан бир нече жолу кошумча фамилиялар киргизилген.

2014-жылдын 22-октябрында өлкө башчы эл аралык мелдештерде байге алган 39 спортчуга жана алардын машыктыруучуларына жалпы суммасы 8 миллион 202 миң сом болгон акчалай сыйлыктарды тапшырган.

Учурда президент Алмазбек Атамбаевдин тапшырмасы боюнча Кыргызстандын президентинин аппаратынын социалдык саясат бөлүмү Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин одоно катачылыктарынын кесепетинен улам эл аралык спорттук чоң мелдештерде жогорку жыйынтыктары үчүн акчалай сыйлыктарга татыктуу жеңүүчү-спортчулар толук киргизилбей калган тизмени тактап жатат.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин тизмесиндеги бардык так эместиктер такталгандан кийин, Кыргызстандын президенти тарабынан акчалай сыйлыктарды алууга укуктуу болгон, бирок агенттиктин айынан сыйлыктары берилбей калган жеңүүчү-спортчулар жакын арада тиешелүү сыйлыктарын алышат.

Президенттик аппарат президенттик сыйлыктарды тапшыруу үчүн спортчулардын тизмесин берүүдөгү катачылыктары үчүн өкмөт Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин жетекчилигинин жоопкерчилигин карашы керек деп эсептейт. Анын кесепетинен бир катар спортчулар жана машыктыруучулар эл аралык ири мелдештерде жетишкен жогорку жыйынтыктары үчүн татыктуу болгон сыйлыктарын өз убагында албай калышты.

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде Кыргызстандын намысын коргогон спортчуларды мамлекет тарабынан колдоо ишине өзгөчө маани берет".

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан