Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт

23-29-декабрь күндөрү Бишкектеги соода борборлорунун биринде кол өнөрчүлөрдүн кайрымдуулук жарманкеси өткөрүлөт. Уюштуруучулар билдиришкендей, жарманкеге керамика, кийиз, жибек, булгаары, жыгач, табигый таштардан жасалган шурулар, самын, сөйкө-шакектер жана башкалар коюлат.

“Жарманкеге сүрөтчүлөр, усталар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, пенсионерлер, балдар үйүндөгү таланттуу балдар катышат. Сатылган кол эмгектердин 10 пайызы Онкология ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулат”,- деп билдиришет уюштуруучулар. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан