Пакистандагы мектеп окуучуларынын өмүрүн алган теракттан кийин үч күндүк аза күтүү жарыяланды

Пакистандын Пешавар шаарындагы чабуулдан 128 адам каза таап, 122 адам жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 16-декабрь күнү эртең менен 10го жакын куралданган адамдар Пешавар шаарындагы аскер кызматкерлеринин балдары окуган мектепти басып алышкан. Ошол учурда мектептин ичинде болжол менен 500гө жакын адам болгон. Алардын көпчүлүгү мектеп окуучулары эле. Басып алуучулар каршылык көрсөткөндөрдү аткылашкан. Анын кесепетинен каза тапкандардын саны 128ден ашкан. Өлгөндөрдүн арасында 12ден 16 жашка чейинки балдар басымдуулук кылат. Учурда басып алуучулардын баары жок кылынып, үч күндүк аза күтүү жарыяланды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Adambol
2014-12-17 11:35:28
жаман болуптур
0
ALIK-BRO
2014-12-17 11:43:43
Буларды Америка колдоп келе жатат ошкойт. Болбосо шончо чон держава буларды давно жок кылып салса болот еле. Эх Америка дуйнонун душманы. Жинди мамлекеттер да ага кошултат. Россияны душман корсотуп Крымды басып алды дуйного душман дееп. Россиянын да жини келгени ушул.
+2
bazar
2014-12-17 12:57:48
ALIK-BRO, адамды кvлдvрбочv.
-2
bazar
2014-12-17 12:56:21
Мусулман адам олтvрбош керек. Кокус олтvрvп алсан, кайра кечирим сурап парздарды аткарып койсон болот.
-1
Chikus93
2014-12-17 13:26:22
Тераристтерди тушунбойсун,не максатта мындай ишке барышат,адамдарды олтурушуптур,бирок оздору деле жок кылыныптыр го,кимге пайда кимге зыян
0
asilkg
2014-12-17 13:39:20
Chikus93,В политике ничего не происходит случайно. Если что-то случилось, то так было задумано
0
KIPCHAK-KALMAK
2014-12-17 19:35:34
Олгондордун бир туугандарына Алла сабыр берсин оз рахматына алсын мындай фитналарды жузун аары кыл дуйного адилеттуулук бер оомин!
0
Misspk
2014-12-18 07:09:20
Baldardyn Ata-Enesine sabyr bersin Allahym.En jaman kunboldu Bul kun Pakistanda.((((((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан