ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен 39 жоокердин 32си кайтып келди

4-февралда ИИМдин Ички аскерлигинен качып кеткен 39 жоокердин 32си кайтып келди. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, калган 3 аскер телефон аркылуу байланышып, бүгүн, 5-февралда келе тургандыктарын айтышкан. Ал эми калган 4 жоокер дайынсыз. Эскерте кетсек, 3-февралда Бишкекте ИИМдин №702-Ички аскерлер бөлүгүнөн "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын кайтарууга алган 39 жоокер качып кеткен. Учурда алардын эмне себептен качып кеткендиги такталууда.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан