Ысык-Ата районунда бейбаштыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 7-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине жергиликтүү тургун кайрылган. Анда ал белгисиз адам сабап, ага караштуу имараттын терезесин сындырып кеткенин айткан. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 31 жаштагы Т.М. кармалган. Ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү болгон. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.