Балдар үйлөрүнөн тарбияланып чыгышкан таланттуу жаштар "Белек" флешмобун уюштурушат

19-декабрда Бишкекте Кыргызстандагы балдар үйлөрүнөн жана мектеп-интернаттарынан тарбияланып чыккан жаштар интернат мекемелериндеги балдардын абалына көңүл бурдуруу максатында “Белек” аттуу флешмоб өткөрүшөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары билдиришти.

Маалым болгондой, бийлей турган токсон кыз-жигит акыркы эки жыл бою “Jasa.kg” программасынын алкагында бий үйрөнүшкөн. Аталган программанын бий компоненти интернат мекемелеринде жашаган жаштардын өзүн өзү баалоосун жогорулатууга, инсан катары өнүктүрүүгө жана социалдык жөндөмдөрүн жогорулатууга багытталган.

Жаш бийчилер достук, сүйүү, эркиндик, тынчтык жана кубаныч сыяктуу кереметтерди жана баалуулуктарды чагылдырган бийлерди аткарышат. Соңунда топтор чогуу бийлеп жана келгендерге кагазга жазылган каалоолору бар шарларды таратышат.

Бий долбоорунун координатору Валерия Аслаповская: “Алар чоң сахнага чыгуудан жана жергиликтүү жана эл аралык кесипкөй бийчилер менен бирге иштөөдөн тажрыйба алышты. Мына эми алар бир чоң топ катары бирге чыкканы турушат, бул дагы жаңы нерсе. Мен бий алар үчүн ачык дүйнөгө көпүрө болгонун, алардын аң-сезимин кеңейткендигин жана өзүн өзү баалоосуна таасир бергендигин көрүп турам,- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан