Кыргызстанда январь айында 3 миллиард 910 миллион 400 миң сом салык жыйналды

4-февралда, премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев профилдүү мамлекеттик органдардын жетекчилери менен болгон жыйында январь айынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик казынага түшкөн каражаттардын көбөйгөнүн билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдады. Белгилүү болгондой, январь айында өлкөдө 3 миллиард 910 миллион 400 миң сом салык жыйналган. Ал эми республикалык бюджетке түшкөн бүткүл каржылык каражаттардын суммасы 6 миллиард 926 миллион 500 миң сомду түздү. Өкмөт башчысы жыйындын жүрүшүндө салык жана бажы кызматынын жетекчилерине республикалык бюджетти көбөйтүүгө каралган пландарды так аткаруу тапшырмасын берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан