20-декабрда Бишкектеги Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында Япониянын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунда япон фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу аталган театрдан билдиришти. Маалым болгондой, фестивалда япон композитору Икума Дананын “Каркыранын канаттары” аттуу операсы коюлат. Анда башкы ролдорду япон операсынын жылдыздары Акико Хаякава, Ресукэ Ноцу жана кыргыздын опера ырчылары Таир Бейшеев, Бакыт Ыбыкеев аткарышат. Дирижёрлук милдетти Коичи Иноуэ аркалайт.
“Каркыранын канаттары” операсынын бет ачары 1952-жылы болуп, андан бери 700 жолу көрүүчүлөргө тартууланган. Анын сюжети япон фольклорунан алынган.
Айыл тургуну Иохио жаш каркыраны сактап калып, багып чоңойтот. Анын мээримдүүлүгүнөн канаттуу адамга айланып, ага жубай болот. Ал өзүнүн канаттарынан күйөөсүнө кайталангыс кооздуктагы кийим тигип берет. Ошондо ичи тар коңшулары аялынын канатынан көп кийим тигип берүүсүнө Иохиону ынандыра баштаганда ал кайрадан кушка айланып учуп кетет.