Борбор калаада америкалык “Энни” чыгармасы коюлду

16-декабрда Бишкек гуманитардык университетинин сахнасында Борбордук Азиядагы Европа мектебинин окуучулары “Энни” аталышындагы мюзиклди коюшту. Бул тууралуу уюштуруучулар бүгүн, 17-декабрда билдиришти. 

Мюзиклде көп жыл мурун балдар үйүнүн босогосуна ташталган Энни аттуу жетим кыз ата-энесин табууну көздөйт. Бир мезгилде ал башка жетим балдардын жардамы жана өзүнүн кайраттуулугу менен Нью-Йорктун таң каларлык дүйнөсүнө качып кетет. Бир катар укмуштуу окуялардын арты менен Энни балдар үйүнүн жетекчисинин кыянаттыгын ашкерелеп, АКШ президенти Рузвельт менен достошуп, президентти “Жаңы багыт” аттуу саясат жүргүзүүгө шыктандырат. Аталган саясат 1930-жылдарда ишке ашырылып, АКШдагы бай жарандардын байлыгын кайра бөлүштүрүү аркылуу өлкөгө пайда алып келген. Андан соң Энни жеткен зыкым миллиардерге жолугуп, аны боорукер адамга айлантат. Мюзикл “It’s the Hard-knock Life” жана “Tomorrow” сыяктуу ырлар менен коштолот.

“Бродуэйде коюлуучу “Энни” мюзикли эл аралык балдар тобунун аракети менен дүйнөнүн башка жагында мынчалык жакшы деңгээлде коюлат деп эч качан ойлогон эмесмин. Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген окуучулар менен ата-энелердин мындай сонун жамааты менен бирге болгонубузга абдан кубанычтабыз”,- деди мюзикл аяктагандан кийин аны көргөн америкалык ата-эне.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан