Баткенде жаңгак сөңгөгүн мыйзамсыз ташып бараткан өзбек жараны кармалды

Кечээ, 16-декабрь күнү “Кадамжай-унаа жол” көзөмөл өткөрүү бекетинде контрабандалык жүк менен өзбек жараны кармалды. Анын оор жүк ташуучу унаасын текшерүү учурунда 8 куб метр жаңгак сөңгөгү табылган. Анда жүккө тиешелүү эч кандай документтери болгон эмес. Кармалган жаран жүктү Өзбекстанга өткөрүүгө аракет кылган. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда тиешелүү документтер толтурулуп, өзбек жараны жана жүк Кадамжай райондук ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
erikkarakulja
2014-12-17 15:02:12
Бул биринчиси болбосо керек.
+1
Saribulak
2014-12-17 15:06:04
Камаш керек!
+2
amanatym
2014-12-18 15:51:45
камаш керек кооопко чейин. Кыргызды кармаса озбектер билбейм эмне кылып салышмак
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан