Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жана А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын алдында
жаңы жылдык балатылар толугу менен орнотулуп, тегерегинде бөбөктөрдү ойнотуп жатат. Ал эми шаардын “Ала-Тоо” борбордук аянтында 22
метрге жеткен өлкөнүн башкы балатысын орнотуу иштери уланууда. Ага илинген оюнчуктар
башка жылдардан өзгөчөлөнүп, кечинде күйүп турарын айткан “Бишкексвет” муниципалдык
ишканасынын башкы инженери
Медербек Шайдылдаев: “Балатыны
толугу менен орнотуп, кооздоп бүтүп, 19-декабрда шаардык мэрияга өткөрүп
беребиз. Ошондой эле Орозбеков, Раззаков көчөлөрүндө кар бүртүкчөлөрү илинип жатат”,- деди.
Жаңы жылдык маанай тартуулаган
балатылар мындан тышкары Жогорку Кеңештин, Ч.Айтматов атындагы Орус драма
театрынын, Бишкек шаардык мэриясынын, "Сейтек" балдардын
чыгармачылык борборунун, Жалдагы Балдарды калыбына келтирүү
борбору жана Кароосуз калган балдарды калыпка келтирүү борборунун
алдыларында бийиктиги 5 метрден 15 метрге чейин жеткен балатылар 21-декабрга
чейин толук орнотулуп бүтүп, кооздолмокчу.