Жалал-Абад облусунда жалпы 343 мектеп бар

Жалал-Абад облусунда өзбек мектептерде окуган окуучулардын ата-энелери мектептерге кыргыз тил сабагын киргизүүнү суранышууда. Бул тууралуу 4-февралда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Жумагүл Эгембердиева билдирди. Анын айтымында, облуста жалпы 343 мектеп болсо, алардан ичинен 84 мектеп аралаш тилдүү, тактап айтканда, орус жана өзбек мектептер. Акыркы күндөрү аралаш тилдүү мектептердин кыргыз тилинде билим берүүгө өтүүсү көбөйүп жатканын айтат Эгембердиева. Ошондой эле облустагы мектептер кыргыз жана өзбек тилиндеги китептер менен 90 пайызга, ал эми орус тилиндеги китептер менен 62 пайызга камсыздалган. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан