Чүй облусунда унаа уурдоо фактысына шектелип Орусиянын жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 17-декабрда билдирди.
Маалыматка караганда, Панфилов районунда күч органдары тарабынан 1986-жылы туулган Д.Р. аттуу Орусиянын жараны башкарып жүргөн Тойота Камри унаасы токтотулган. Документтерди текшерүү учурунда шек жараткандыктан, бул боюнча иликтөө жүргөн. Анын негизинде унаанын Орусияда уурдалып, издөөдө жүргөнү аныкталган. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.