Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин чечимине ылайык, терроризм менен байланышкан кылмыш иштери үчүн өлүм жазасы киргизилди. Мындай чечим Пешавар шаарында кечээ, 16-декабрда аскер кызматкерлеринин балдары окуган мектепке жасалган чабуулдан кийин кабыл алынды. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кечээ күнкү чабуулдун кесепетинен аталган мектептен 128 адам каза таап, дагы 122си жабыркаган. Мектептин ичиндеги 500гө жакын адамдын басымдуу бөлүгү окуучулар болгон. Каза тапкан балдардын дээрлик бөлүгү 12ден 16 жашка чейинки окуучулар.
Учурда Пакистанда бул окуяга байланыштуу бүгүнкү күндөн тарта 3 күндүк аза күтүү жарыяланды.
Эске салсак, Пакистанда өлүм жазасына мораторий 2008-жылы киргизилген. Жергиликтүү укук коргоочу уюмдардын маалыматына ылайык, өлкөдө өлүм жазасына тартылып, абакта отургандардын саны 8 миң адамды түзөт.