Кыргызстандык 74 жаштагы бийчи Германияда Дүйнө биринчилигинде өз өнөрүн көрсөтүп келди

Кыргызстандык 74 жаштагы бийчи Аскар Жумагулов менен анын 8 жашар небереси Сулайман Германиянын Риза шаарында өткөн Дүйнө биринчилигине катышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-декабрда өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, декабрь айынын башында өткөн Дүйнө биринчилигине бийчилер облус башчы Канатбек Исаевдин колдоосу астында жөнөтүлгөн. Ага 130 өлкөнүн бийчилери катышса, кыргызстандыктар бийдин степ түрү боюнча өнөрлөрүн көрсөтүштү.

Кошумчалай кетсек, 74 жаштагы бийчи Балтика флотунда аскердик кызмат өтөп жүргөндө өздүк көркөм чыгармачылык топтун курамында бий өнөрүн өздөштүргөн. Кезинде экономика илимдеринин кандидаты, учурундагы фотосүрөтчү, спортчу, Чүй облусунун ардагерлер кеңешинин төрагасы Аскар Жумагуловдун аракети менен мындан бир нече жыл мурун республикада биринчи жолу “Сары-Өзөн – степ” степ-ансамбли жаралган. Ошондой эле Аскар Жумагулов өз замандашы, “Ак марал” бий ансамблинин бийчиси Бергали Сарбасов менен биргеликте дуэт түзүп, дүйнөлүк фестивалдарда катышып келген. Бишкекте өткөн эл аралык бий уюмунун саммитинде уюмдун президенти Майкл Вендт Кыргызстанда ушул курактагы бийчинин бар экендигине таң калып, Ризага Дүйнө чемпиондугуна Аскар Жумагуловдун наамына чакыруу жолдогон. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
betman
2014-12-17 19:59:49
Видеосун жуктоп койгулачы
0
admin_portal
2014-12-18 11:02:51
betman, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
0
Ariet7
2014-12-17 20:37:25
ооо атаке азаматсыз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан