
* Мындан 13 жыл мурун, 2001-жылы кинорежиссёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти
Төлөмүш Океев Анкара шаарында оорудан улам 66 жаш курагында көз жумган. Төлөмүш Океев 1935-жылы 11-сентябрда Ысык-Көлдүн Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылында туулган. Ленинград киноинженерлер институтун, ВГИКтин эки жылдык режиссёрлук жогорку курсун бүтүргөн. "Кыргызфильм" студиясында үн оператор, режиссёр, Кыргызстан кинематографисттер союзунун президиумунун төрагасынын орун басары, Түркияда элчи болуп иштеген. Ал 1963-жылдан баштап "Аптап", "Биздин балалыктын асманы", "Карамүртөз", "Кызыл алма", "Улан", "Ак илбирстин тукуму", "Махабат закымы" сыяктуу тасмаларды тарткан. Анын "Бакайдын жайыты" тасмасы Кыргыз ССРинин Комсомол, "Уркуя" фильми Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы сыйлыгына татыктуу болгон. Төлөмүш Океевдин советтик маданиятка сиңирген эмгеги бийлик тарабынан жогору бааланып, 1985-жылы ал СССРдин Эл артисти, 1972-жылы Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттык наамдарын алган. Анын чыгармачылык ийгилиги 6 эл аралык кинофестивалдын лауреаттык сыйлыгы менен белгиленген. Ал Англия, АКШ, Индия, Япония, Италия, Франция, ГДР, Непал, Араб өлкөлөрүндө болуп, өзүнүн фильмдерин жергиликтүү калкка тааныштырган.

* Мындан 93 жыл мурун, 1921-жылы СССРдин Эл артисти, Москвадагы Түстүү сейил багындагы цирктин жетекчиси, актёр жана маскарапоз
Юрий Никулин Смоленск губерниясындагы Демидово шаарчасында төрөлүп, 1997-жылы 76 жаш курагында дүйнө салган. Доктурлар Никулиндин өмүрү үчүн 16 күн тынбай күрөшүп, бирок айла таба алышкан эмес. Цирктин имаратындагы Никулин менен коштошууга Б.Ельцин да катышкан. Ю.В.Никулиндин сөөгү Новодевичье көрүстөнүндө коюлган.

* Мындан 51 жыл мурун, 1963-жылы америкалык актёр
Брэд Питт АКШнын Оклахома штатында Шавни шаарында туулган. Ал 80ден ашуун тасмада тартылган. Мисалга алсак, “Мистер жана миссис Смит”, “Вавилон”, “Оушендин 13 досу” ж.б. Брэд Питт “Оушендин 11 досу” (2001-жыл) тасмасында Растинин ролу үчүн 30 миллион доллар, “Троядагы” Ахиллестин образын жаратканы үчүн 18 миллион долларлуу болгон.

* Мындан 28 жыл мурун, 1986-жылы партиялык диктатка каршы көтөрүлгөн казак жаштары Алматы шаарынын борбордук аянтындагы стихиялуу митингди улантышкан. Миңдеген адам Казакстан Компартиясынын биринчи катчысы
Динмухамед Кунаевдин кызматынан бошотулуп, анын ордуна “борбордон” түшүрүлгөн
Г.Колбиндин келишине каршы пикирлерин билдирип турушкан. Атайын түзүлгөн партиялык штабда демонстрацияны таратуу туурасында чечим чыгарылып, Алматыга алынып келген аскерлер адамдары ур-токмокко алып, аянтты бошотушкан. Аскер менен кагылышта миңдеген адам жаракат алып, алды соттолуп, айрым адамдар дайынсыз жоголгон.