2012-жылы жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көлгө эс алуу үчүн Казакстандан туристтердин келиши 2011-жылга салыштырмалуу 3 эсеге көп болгон. Ошондой эле Орусия, Япония, Кытай, Түштүк Корея жана Европа өлкөлөрүнөн келген туристтердин келиши жылдан-жылга өсүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады. "Жалпысынан алганда, 2012-жылдагы жайкы туристтик мезгил ийгиликтүү деңгээлде өттү. Себеби мамлекетте өткөн жылдарга салыштырмалуу коомдук-саясий абал туруктуу болгондугу үзүрүн берди",- деди Муканбетова. Айта кетсек, 2012-жылы Ысык-Көл районуна 1 миллион 104 миң эс алуучу келген.