Бүгүн, 17-декабрда
Бишкектеги кинотеатрлардын биринде “Иттей сулуу” романтикалуу кинокомедиясынын
бет ачары болду. Тасманын режиссёрлору -
Камчыбек Жумабеков жана
Тилек Чериков.
Башкы ролдорду
Мээрим Атантаева, Мирзада Майчинова,
Замира Сатыбалдиева, Камчыбек Жумабеков, Тилек Чериков жана башкалар аткарышкан. Бюджети 15 миң долларды
түзгөн фильм толугу менен 8 ай аралыгында тартылып бүткөн. Тасма жаратуучулардын бири Камчыбек Жумабеков мындай дейт: “
Тасма идеалдуу жигит издеген Саната
аттуу кыз тууралуу. Ал көптөгөн мырзаларды чанып жүрүп, Руслан аттуу жигитти
жактырып, аз убакыт эле сүйлөшүп турмушка чыгат. "Сырты жалтырак,
ичи калтырак" дегендей, мына ошондо анын кемчиликтери четинен чыга баштайт. Бул тасма менен айымдарга идеалдуу мырза болбой турганын түшүндүрүүнү максат кылдык. Эгер жигит
чындап сүйүп жатса, анын кемчиликтерине көз жумуп коюш керек. Айталы деген оюбуз
80 пайызга ишке ашты. Мээрим өзүнүн образын мыкты ачып берди. Сценарийди өзүм
жазгандыктан, тартуу учурунда менде кыйынчылык болгон жок”.
Мээрим Атантаева буларга токтолду: “Өзүм жеке жашоодо Санатадай болбосом да, бирок каарманымды
жакшы түшүнөм. Негизи, кыздар сүйгөн адамына турмушка чыгышы керек. Тартуу
процессинде жигит менен өбүшкөн учуру бар болчу. Бул нерсени аткаруу мен үчүн оор болду. Сценарийди
окуп чыкканда атама барып айткам. Ал "эгер бул нерсе керек болсо, тартыла бер" деп уруксатын берген. Ал көптөгөн дубль менен тартылды”.