2012-жылы муниципалдык менчикте турган жер аянттарын тактоо, жеке менчик турак жай куруучуларды кезекке коюу иштери жүргүзүлүп, 30 адам менен жер аянттарын убактылуу ижарага алуу боюнча келишим түзүлгөн. Бул жылы Нарын шаарында «Муниципалдык менчикте турган жер тилкелерине менчик жана ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү» жоболор иштелип чыгып, Нарын шаардык кеңеши тарабынан бекитилди. Жобого ылайык, жер тилкелерин аукцион жана түз сатуу менен сынак аркылуу ижарага берүү иштери жүргүзүлүүдө.