Борбор калаада алдамчылык фактысы боюнча шектелген Аламүдүн районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен борбордогу ишканалардын биринин жетекчиси кайрылган. Анда ал октябрь айында Күмүш аттуу чала таанышы анын ишенимине кирүү менен 100 миң сомго 5 муздаткыч алып, акчасын бербей жатканын айткан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышка шектүү катары 26 жаштагы Күмүш аттуу жаран кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.