Борбордо мас абалда интернет-клубдун эмеректерин талкалаган кыз кармалды

Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районунда жайгашкан интернет-клубдардын биринде мас абалда аталган жайдын эмеректерин талкалаган кыз кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек ШИИББинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Б.Кисан аттуу жаран кайрылган. Анда ал кечээ, саат 12:00 чамасында мас абалдагы белгисиз кыз интернет-клубдун ичине кирип, эмеректерин жана компьютерлерин талкалаганын айткан. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин натыйжасында ошол эле райондон бейбаштык кылган 22 жаштагы А.Амина аттуу кыз кармалды. Учурда бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
novayariga
2014-12-18 10:06:53
Кыз кылыгы менен да. Кылыгы ушундай болсо не кылсын :D
+4
Nursss_Real_Madrid
2014-12-18 10:11:08
Тууууй ата кыз башы менен чатак чыгарса билбейм анда
0
sulushka93
2014-12-18 10:13:54
Кудай сактаа анчалык ичип тополон чыгарганына эмне себеп болду экен. Кудай озун ынсап бер
+1
tolkun85
2014-12-18 10:18:24
эээх!Амина Амина бул кылган ишин атына туура келбейтко
+2
Kitaioza
2014-12-18 10:32:28
Дагы бир крутяктын кызы да ишенгени бар го чамасы.Аллах инсандарына нысап берсин.
+1
Chikus93
2014-12-18 16:06:26
Ой тообо,курттабай уйундоле ысык чай ичип отурбайбы десен
0
Odik11
2014-12-18 17:02:57
Чодроооон. ..
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан