Бишкекте 27 жаштагы айдоочу мектеп окуучусун сүзүп алды. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 17-декабрь күнү Бөкөнбаев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда 2000-жылы туулган окуучу кыз жолдон өтүп баратканда 27 жаштагы айдоочу унаасы менен сүзүп алган. Анын кесепетинен кыздын баш мээси чайкалып, ооруканага жеткирилген.