Нарын. 2012-жылы Нарын шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгына 389 арыз түшкөн

"Учурда Нарын шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгында 12 кызматкер эмгектенет. Шаар ичиндеги жаңы курулуштар сапаттуу жана мыйзамдуу болушуна Шаардык архитектура башкармалыгынын түздөн-түз тиешеси бар",- дейт аталган башкармалыктын башчысы Улан Калманбетов. 

2012-жылы Шаардык курулуш жана архитектура башкармалыгына жарандардан 389 кайрылуу түшкөн. Архитектуралык пландоо шарттары боюнча 29 кайрылуу, инженердик пландоо шарттары боюнча 61, долбоор жана эскиздик долбоорлор боюнча 51 арыз катталган. 2012-жылы жеке турак жай курууга, ишкерлик багытында жана ар кандай маселелер боюнча башкармалык тарабынан 113 бүтүм даярдалып, алардын бардыгы жер тандоо комиссиясына сунушталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан